07:10
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

Бишкекте маршруткалар бир тараптуу боло турган көчөлөргө киргизилет

Бишкекте маршруткалар бир тараптуу боло турган көчөлөргө киргизилет. Маалыматты 24.kg басылмасына Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Муниципалитеттин Транспорт департаменти эки тараптуу борбордук көчөлөрдүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттыра турган жол кыймылынын схемасын иштеп чыкты.

Кичи автобустар бир тараптуу көчөлөрдө, ал эми борбордук көчөлөрдө автобустар жана троллейбустар гана каттайт.

«Мисалы, маршруткалар Тыныстанов же Ибраимов менен жүрсө, Абдрахманов көчөсүндө троллейбустар менен автобустар гана жүрөт», — деп билдиришти мэриядан.

Белгилей кетсек, буга чейин борбор калаада сегиз көчөнүн айрым тилкелери бир тараптуу, эки көчө эки тараптуу болоору маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-февраль, жума
22-февраль, бейшемби