18-декабрдан баштап унаа токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө электрондук система киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«Жаңы ыкма Бишкек шаарынын мэриясынын аймагынан (борбордук аппараттын имаратынын жанында) башталат, ал жерде муниципалдык унаа токтотуучу жай да иштейт», — деп белгиледи мекеме.
Пилоттук долбоордун негизги максаты — мобилдик капчыктар жана банктык төлөм системалары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү менен Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан унаа токтотуучу жайлардын иштешинде программалык камсыздоону сыноо.
«Борбор калаанын борбордук бөлүгүнө унаалардын агымын тартипке келтирүү, тыгындарды жоюу жана кыскартуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында муниципалитет унаа токтотуучу жайларды зонага бөлүүнү жана бардык муниципалдык унаа токтоочу жайларды жаңы форматта иштөө үчүн электрондук системалар менен жабдууну пландаштырууда», — деп айтылат маалыматта.