Чүй проспектисинин борбордук бөлүгүнөн кичи автобустар толугу менен алынат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-декабрдан тартып Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө маршруттук каттамдардын кыймылы толугу менен альтернативалык көчөлөргө — Киев, Токтогул, Фрунзеге багытталат.
Мэриянын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, бул чаралар маршруттук схемаларды оптималдаштырууга байланыштуу кабыл алынууда.
Өзгөртүүлөр бир катар каттамдарга таасирин тийгизет, анын ичинде:
№ 172, 169, 225, 163, 220, 203, 215, 136, 137, 104. , 164, 222, 135, 192, 166, 258, 243, 138, 176, 199, 179, 260, 211, 185, 250, 254, 285, 111, 216, 134, 202, 208, 227, 143, 129, 240.