Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын Бек-Абад айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны тарабынан уюштурулган баңгизаттарды сатуунун туруктуу каналдарынын бирине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме аталган кызматкер көптөн бери Жалал-Абад облусунун аймагында ири өлчөмдөгү баңгизатын ташуу жана сатуу менен активдүү алектенип келгендигин белгиледи. 14-декабрда афган чарс маңзатынын кезектеги партиясын сатуу учурунда ал пара менен кармалды. Мындан тышкары, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан дагы эки жаран кармалды.
Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 562 граммды түзгөн.
Азыркы учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.