16:28
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте № 67 мектеп-гимназиясы кайрадан эвакуацияланды

Бишкекте № 67 мектеп-гимназиясы кайрадан эвакуацияланды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, бардыгы имараттан чыгарылып, бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөнү маалымдалган.

24.kg
Фото 24.kg. Бишкекте № 67 мектеп-гимназиясы кайрадан эвакуацияланды

Эске салсак, 1-декабрда мектеп мындай билдирүүдөн улам эвакуацияланган болчу.

Өткөн жумада, 15-декабрда, бир нече сот мекемелери, мейманканалар жана ресторандар эвакуацияланган. 13-декабрда милицияга бир катар имаратка, атап айтканда, № 18, 31, 42, 48, 69, 72, 80 мектептерине, «Остров знаний» бала бакчасына, №3 төрөт үйүнө, №2 ооруканасына, «ГУМ» жана Bishkek Park соода борборлоруна бомба коюлду делген маалыматтар түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар