USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Интерпол мурдагы жогорку даражалуу кыргыз аткаминерин Түркияда кармады

15:05, 15 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Интерпол тарабынан кыргызстандык мурдагы жогорку даражалуу аткаминер Түркияда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал ири алдамчылыкка шектелип издөөгө жарыяланган.

 Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча 55 жаштагы А.Н.га карата козголгон кылмыш иши тергелди.

Шектүү

А.Н. материалдык пайда табууга байланышкан жеке кызыкчылыгын көздөп, ошол кездеги мамлекеттик түзүмдөрдүн бириндеги жогорку кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз 2,5 миллион доллар комиссиялык сый акы берүү шылтоосу менен борбор калаада жайгашкан ресторанга жана батирге ээлик кылып алган. Андан соң кыймылсыз мүлк үчүнчү жактарга жашыруун түрдө эки айлык мөөнөткө 390 миң долларга бааланып, күрөөгө коюлган. А.Н. каражатты алып, аты-жөнүн өзгөртүп, изин жашырып кеткен.

Мүлктү баалоо жана экспертиза борборунун корутундусуна ылайык, батир 56 миң долларга, ресторан 771 миң 600 долларга бааланган.

Учурда экстрадиция маселеси чечилүүдө. Тергөө иштери уланууда.

 

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика