Бишкекте экинчи Элдик курултай өз ишин баштады. Иш-чараны Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов ачты.
Анын айтымында, курултайга Кыргызстандын аймагынан 700 делегат катышмак, бирок анын арасынан иш-чарага 695 адам барды.
Курултайда президент Садыр Жапаров жана башка аткаминерлер дагы бар.
«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 29-июнда кабыл алган. Анда курултайдын укуктук статусу, ишмердүүлүгүнүн принциптери жана делегаттарды шайлоо тартиби аныкталган.