19:38
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

Акылбек Жапаров: Кыргызстан АКШ менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тараптар жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз-америка кызматташтыгы активдешкенин, атап айтканда, жогорку деңгээлдеги сапарларды жана Борбордук Азия-АКШ саммитин белгилешти.

Акылбек Жапаров Кыргызстан АКШ менен эки тараптуу мамилелерди узак мөөнөткө чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар келерки жылы экономикалык, маданий жана билим берүү чөйрөлөрүндө бир катар тармактарда кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Лесли Вигери эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады. Ал мамлекет башчыларынын Борбордук Азия-АКШ саммитинин алкагындагы жолугушуусун жогору баалап, бул кыргыз-америка мамилелерин чыңдоого жана илгерилетүүгө түрткү болот деген ишенимин билдирди.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты, жашыл энергетика жана климаттын күн тартиби жаатындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Эң көп окулган жаңылыктар