14:23
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кримтөбөл Максат Карасартовду өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды

2010-жылы Бишкекте кримтөбөл Максат Карасартов отурган автоунааны аткылоого тиешеси бар адамдар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди.

2010-жылы 12-апрелде болжол менен саат 14.00дө борбордогу Ибраимов жана Иваницын көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар «Мерседес-Бенц» унаасы менен 1975-жылы туулган Максат Карасартов башкарып бараткан «Мазда 626» унаасына жетип, аткылап кетишкен. Андан кийин кылмышкерлер окуя болгон жерден качып кетишкен.

Максат Карасартов көптөгөн октон алган жарааттарынан улам жеринде көз жумган.

Окуя болгон жерди текшерүү учурунда 7,62 миллиметр калибрдеги автоматтын окторунун ок атуучу гилзалары табылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө бул кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталды. Бул Протез аттуу каймана аты бар Чүй облусунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары мекеменин ыкчам каттоосунда турат. Ал кармалып, азыркы тапта камакта.

Протез башка оор кылмыштарга, анын ичинде Чолпон-Ата шаарынын тургуну Кубанычбек Коноевдин өлүмүнө да шектелүүдө.

Экинчи шектүү дагы Чүй облусунун тургуну. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган (өлтүрүлгөн).

Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Максат Карасартов буга чейин 2006-жылдын май айында өлтүрүлгөн Рыспек Акматбаевдин тобуна кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар