14:49
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Аялдар менен кыздардын 90 пайызы транспортто ыдык көргөн

Кыргызстанда коомдук транспорт аялдар жана кыздар үчүн коопсуз эмес. Бул тууралуу Акыйкатчы институту менен биргеликте 2023-жылдын ноябрында Адам укуктары боюнча жаштар бюросу жана Социалдык активдүүлүк мектеби тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө айтылат.

Сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, аялдар менен кыздардын 90 пайызы коомдук транспортто ыдыктын ар кандай түрлөрүнө туш болушкан. Аялдардын 10 пайызы гана транспортто эч кандай көрүнүшкө кабылбаганын айтышкан.

Ыдыктын эң көп кездешкен түрлөрү — кармалоо, сүйкөнүү, сылоо жана чымчуу болуп эсетелет. Дээрлик ар бир экинчи аял өзүнүн дарегине уятсыз үндөрдү угуп, адепсиз жаңсоолорго туш болгон.

Ар бир үчүнчү аял оозеки кордоолорду, уят сөздөрү жана кыйытмаларды уккан. Кээде эркектер өздөрүнүн уяттуу жерлерин ачык көрсөткөн учурлар да болгон.

издөөдөн алынды
Фото издөөдөн алынды

Аялдар ыдыкка маршруткаларда, автобустарда, троллейбустарда жана таксилерде дагы туш болушат.

Ошол эле учурда аялдардын 3 пайызы гана коомдук транспорттогу ыдыкка реакция кылып, укук коргоо органдарына же айдоочуга жардам сурап кайрылышкан. Аялдардын көпчүлүгү (93 пайызы) эч жакка кайрылышкан эмес.

Изилдөөгө жалпысынан 252 адам катышкан (98 пайызы аялдар жана 2 пайызы эркектер). Респонденттердин жарымынан көбү 18 жаштан 25 жашка чейинкилер, үчтөн бири 18 жашка чейинкилер, дагы бир бөлүгү 25 жаштан 35 жашка чейинкилер болгон. Изилдөөгө катышкандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жашашат.

Сурамжылоо онлайн жана оффлайн форматта өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар