Ишке орноштурам деп жарандарды алдап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын сентябрында ар кандай шылтоолор менен ишенимге кирип, жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык акча каражатын, ошондой эле «Мерседес-Бенц 210» жана «Ауди С-4» үлгүсүндөгү унааларын ээлеп, качып кеткен жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен жабырлануучу кайрылган.
Мындан тышкары, шектүү дагы бир жабырлануучуга жогорку кызмат орундарын ээлеген адамдар менен тыгыз байланышта экендигин айтып, алтын кенин иштетүүчү компаниялардын бирине жумушка орноштурам деген шылтоо менен 140 миң сом акчасын ээлеп, качып кеткен.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун тургуну К.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Шектүү тарабынан жасалган 20дан ашык алдамчылык фактысы аныкталды. Учурда ал келтирген зыяндын жалпы суммасы такталууда.