02:16
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Чыңгыз Айтматов тууралуу көпчүлүк билбеген беш факт

Кыргыздын гана эмес, дүйнөлүк адабияттын кенчи болгон Чыңгыз Айтматов 12-декабрда 91 жашка толмок. Залкар жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы дагы канча макала жана изилдөөлөргө түгөнгүс булак болуп берет.

24.kg агенттиги филологдорду, жазуучуларды сурамжылап Чыңгыз Айматов тууралуу калың журтка көп маалым эмес фактыларды сунуштайт.

1

Атасына болгон сүйүүсү


Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов репрессиянын курмандыгы болгондугу маалым. Жазуучу атасы жана анын өлүмү боюнча ачык айтпаса, атайын чыгарма арнабаса дагы көп китептеринде атасына болгон кусалыгын башка каармандары аркылуу берген. Мисалы, «Ак кеме» повестиндеги баланын атасын саргая күтүшү, «Атадан калган туяк» чыгармасындагы Авалбек, «Кылым карытар бир күн» романында Абуталиптин балдары, «Эрте келген турналардагы» Султанмурат баш болгон балдар, «Чыӊгыз хандын ак булуту» чыгармасындагы жүзбашы Эрдененин уулу.

2

Атасын издеп бийликке кат жазган

Төрөкул Айтматов атылганда Чыңгыз тогуз жашта эле. Ал атасын алгач сүргүнгө айдалды деп гана жүргөн.

Жазуучу атасын издеп жогорку тарапка кат жазган. «Биздин атабыздын жазасынын убактысы бүтө элекпи? Күнөлүү дегендер айыптарынан акталды. А биздин атабыздан кабар жок. Чын эле айыптуубу аны да билбейбиз. Мен, иним, карындашым окуубуздан канчалаган ийгиликтерди жаратпайлы, мекенибиз үчүн иш кылбайлы «эл душманынын» балдары деп Москвадагы институттарга бизди албай жатат. Булар го мейли, менин атам жөнүндө кабар берип коюуңуздарды өтүнөм», — деп кайрылган.

«Ата-Бейиттеги» мүрзө табылганда Чыңгыз Айтматов мындай деп атасына мынтип кайрылган: «Мен сизди элүү жыл издедим, күттүм, кыдырбаган жерим калбады. Балким, башка бирөөгө үйлөнүп алды деген ойлор да келди. Эгер көз жумган болсо жерге өз колум менен көмө албаганым үчүн өзүмдү күнөөлүү сездим. А сиз ошол жылдар бою ушул жерде жаттыңыз беле?».

3

Чыгармачылыкты ыр жазуудан баштаган


Айтматов алгач ыр жазчу. Анын талантын байкаган мугалимдеринин бири чыгарма жазуусун сунуштайт.

Ошентип чыгарма жазып калат.

«Чыңгыз Айтматовдун алгачкы макаласын Айыл-чарба институнун гезитине жарыялабай коюшат.Ошондо ызаланган Айтматов Сергей деген досуна «булар мени түшүнбөдү. Мен жаза ала тургандыгымды буларга далилдеймин» деп айткан сөзү бар» — дейт Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин адабият факультетинин деканы Лейли Үкүбаева.

4

Советтик цензураны амалы менен жеңип


Айтматовдун чыгармаларын иликтеген адабиятчылар айрым чыгармалары Коммунизм партиясына каршы пикирлерге карабай басылганына таң калышат. Мисалы «Жаныбарым Гүлсары» чыгармасында башкы каарман Танабайдын «партияга мүчө бол дегенде аларды уксам, балким келечекте оңолуп кетишер беле» деген сөзү бар.

Көрсө жазуучу метафоралар аркылуу цензурага кабылбай, буйтап өтчү экен.

5

Күчтүү эс тутумга ээ


Айтматов кандай гана семинар, жыйналыштарга барбасын баарын эстеп калаар эле. Кийин айтылган сөздү кемитпей айтып берчү.

«Өзгөчө ак көңүл болчу. Убакытынын көпчүлүгүн эл алаар эле. Колунан келген жардамын аячу эмес. Кээде элчилер чече албаган маселелерди Айтматов чечип берчү. Күчтүү авторитетине карабай жөнөкөй эле. Айрымдары кичинекей проблемаларына деле жардам сурап келе берчү. Эң өкүнүчтүүсү Айтматовду пайдалангысы келгендер өтө көп эле», — дейт адабиятсы Эсентур Кылычов.

 

Эң көп окулган жаңылыктар