18:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте тоңголоктон улам үч күн ичинде травматология бөлүмүнө 43 адам кайрылды

Бишкекте тоңголоктон улам үч күн ичинде травматология бөлүмүнө 43 адам кайрылды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Медициналык-консультациялык кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун директору Сагындык Айтбаев билдирди.

8-декабрда травматология бөлүмүнө жалпысынан 46 адам кайрылып, алардын 13ү музга тайып, кулап түшкөнүн айтышкан. 9-декабрда кайрылган 44 кишинин 17си ушул эле себепти билдиришкен. 10-декабрда 28 кайрылуу болгон, анын ичинде 13 адам кулап түшкөн.

Белгилей кетсек, жума жана ишемби күндөрү, 8-9-декабрда борбор калаада кар жааган.

Бирок мэрия көчөлөрдү кардан тазалоо активдүү жүрүп жатканы боюнча маалымат берди.

Эң көп окулган жаңылыктар