14:07
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 9:00гө карата линияда 116 троллейбус, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 405 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 313 автобусу жана «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы тарабынан 113 жеке автобус иштөөдө.

Ошондой эле шаар боюнча 621 кичи автобус каттап жатат.

«Коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан адаттагыдай бойдон калууда», — деп кошумчалады мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар