Саламаттык сактоо министрлиги пилоттук режимде ооруканалар үчүн интеграцияланган маалыматтык системаны ишке киргизди. Бул туурауу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
«Оорунун санариптик тарыхы — бул саламаттык сактоо уюмдарында бейтаптарды кабыл алуу, диагностикалоо жана дарылоо менен байланышкан негизги процесстерди камтыган салттуу кагаз жүзүндөгү оору тарыхынын санариптик аналогу», — деп билдирди министрлик.
Мунун артыкчыктары:
- саламаттык сактоо кызматкерлеринин маалыматка жеткилүктүүлүгү жакшырат;
- жардам көрсөтүү координациясын жогорулатат;
- маалыматтарды берүүдө каталардын тобокелдигин азайтат;
- бейтаптарды тейлөөнүн сапатын жакшыртат;
- жалпы саламаттыкты сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатат;
- саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
«Ошентип, этап-этабы менен саламаттык сактоо системасынын бирдиктүү санариптик контуру түзүлүп, ал балдардын төрөлүшүн каттоодон башталат. Ал саламаттык сактоо уюмуна бекитүүнү, баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына кайрылууну, лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүүнү, вакциналарды алууну, ооруканага жаткырууну, майыптыгын аныктоо үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жолдомо берүүнү, санариптик КТ сүрөттөрүн сактоо жана алмаштырууну, өлүм фактысын каттоону, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын түзүүнү камтыйт», — деп белгиледи мекеме.