05:41
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан Эдил Байсаловду сындашты

Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кайрадан сынга алышты. Бүгүн парламенттин жыйынында Аида Исабек кызы чиновнике карата сын-пикирин айтты.

Анын айтымында, Эдил Байсаловдун айынан дүйшөмбү күнү социалдык саясат боюнча комитеттин жыйыны аягына чыккан жок.

«Комитетте мамлекеттик жөлөк пул маселелси каралып жатса, бул маселе мага тиешелүү эмес деп чыгып кетиши комитеттин ишин, өкүлдөрүн теңине албастыгын билдирет. Мындан тышкары мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабай депутаттар менен карама-каршы айтышып, парламенттин аброюна шек келтирип жатат. Ар дайым эки бийликтин ортосуна ызы-чуу салуу бул кишинин эң негизги максатындай көрүнөт. Социалдык маселелерди чечкендин ордуна депутаттарга асылып, парламентке шек келтирип жүрөт. Буга чейин да Жогорку Кеңештин алдында кечирим сураганына карабай дагы деле туура эмес иштерди алып барып жатат», — деп бул маселени жыйында кароону сунуштады.

Кесиптешин депутат Марлен Маматалиев дагы колдоп, төраганы аны менен сүйлөшүүнү суранды.

Эң көп окулган жаңылыктар