USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев камакка алынды

09:16, 05 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев камакка алынды. Тергөөнүн өтүнүчү боюнча тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Алмазбек Истамбаев жаза аткаруу кызматынын № 21 абагында 2024-жылдын 4-январына чейин кармалат.

Буга чейин УКМКнын басма сөз борбору Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балансындагы мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттүү ижара келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталганын билдирген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика