УКМКнын кызматкерлери бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөткөн окуучуларды аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар борбор калаадагы № 33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары, 2009-жылы туулган И.Р., 2008-жылы туулган А.К., 2008-жылы туулган Э.Э. Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Окуучулар ата-энелеринин көзүнчө жасаган кылмыштарын моюнга алышкан.
Учурда бул өспүрүмдөрдүн ушул сыяктуу башка иштерге катыштыгы такталууда.
УКМК террордук актылар тууралуу жалган маалыматтарды аныктоо үчүн бардык керектүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Мекеме ата-энелерге балдары менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштайт. Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык «Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү» үчүн бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштары же 500дөн 1 миң эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул каралганын эскертет.