Балыкчыда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын шаардык бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, имарат заманбап жабдуулар менен жабдылып, кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Камчыбек Ташиев бөлүмдүн кызматкерлерин куттуктап, өлкө жетекчилиги аймактык бүтүндүктү, улуттар аралык биримдикти жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жаатында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иш-чараларды улантаарын белгиледи.
Коопсуздук кызматкерлери Ата мекенге ак дилден кызмат кылып, уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга, терроризмге, диний экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөштө натыйжалуу иштерди камсыз кыларын кошумчалады.