Бишкекке 2024-жылы автобус сатып алуу үчүн 4,3 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, 2023-жылы бул муктаждыктарга республикалык бюджеттен 3 миллиард 806 миллион сом каралган болчу. Март айында ZHOHNTOHG BUS HOLDING CO LTD менен келишим түзүлүп, Кытайдан 1 миң автобус 86,5 миллион долларга сатылып алынган. Анын беш жүзү ушул жылдын аягында, дагы беш жүзү кийинки жылы келет. Бул келишим боюнча Финансы министрлиги 4 миллиард 513,8 миллион сом төлөдү.
«2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга республикалык бюджетти пландаштыруу мезгили жөнүндө» мыйзамдын долбоорунда автобустарды сатып алууга 4 миллиард 339,2 миллион сом каралган. Алардын 1 миллиар 164,9 миллиону бажы төлөмдөрү.