12:22
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Айгүл Жапарова Париждеги Cinema Heritag кинофестивалынын ачылышына катышты

Кыргызстандын биринчи айымы Cinema Heritag биринчи эл аралык кинофестивалынын ачылышына катышты. Бул тууралууу анын Facebook баракчасында маалымдалды. Иш-чара ЮНЕСКОнун колдоосу менен Парижде өтүп жатат.

ЮНЕСКОнун штаб-квартирасындагы иш-чарага Айгүл Жапаровадан тышкары ЮНЕСКОнун Африка жана тышкы байланыштар боюнча башкы директорунун орун басары Энтони Охеменг-Боама, кытайлык кинорежиссер Чжан Имоу, Берлин кинофестивалынын жогорку сыйлыгы — «Алтын аюунун» ээси, түркиялык режиссер Семих Капланоглу жана башкалар катышты.

Айгүл Жапарованын Facebook баракчасынан
Фото Айгүл Жапарованын Facebook баракчасынан

Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы фестивалдын финалына өттү. Париждин кинотеатрларында кыргызстандык режиссерлордун — Cinema Heritage программасынын катышуучуларынын тасмалары көрсөтүлүп жатат.

Cinema Heritage кинофестивалынын негиздөөчүлөрүнүн арасыда Кыргызстандын Франциядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз бар.

Фестиваль «Айтыш Франс» ассоциациясы тарабынан Франциядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн активдүү катышуусунда өткөрүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума