05:09
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Новосибирскиде кыргызстандык жаш балдарды уурдоого айыпталып, беш жылга кесилди

Новосибирск шаарынын Киров райондук соту Кыргызстандын 28 жаштагы жаранын беш жыл бир айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести. Тергөө ал таанышынын үч баласын уурдап кетип, алардын ордуна 15 миң рубль талап кылганын аныктады. Бул тууралуу тергөө комитетинин Новосибирск облусу боюнча башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны Новосибирскиге иштөө үчүн келип, ал жакта жашы жете элек беш баласы бар таанышыныкында жашап жүргөн.

«2022-жылдын декабрь айында ал материалдык абалын жакшыртуу максатында таанышынын үч баласын уурдоого, тактап айтканда, балдарын кайтарып берүү үчүн 15 миң рубль акча каражатын алууга ниети пайда болгон», — деп айтылат маалыматта.

Ал анын үч баласын, батирдин документтерин алып, андан ары Россиядан чыгып кетүү үчүн Томск шаарына барган. Бирок полиция кызматкерлери жаранды темир жол бекетинен кармашкан.

Сот Кыргызстандын жаранын жеке кызыкчылыгы үчүн жашы жете электерди уурдоо беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, жазасын катуу режимдеги колонияда өтөө менен беш жыл бир айга эркинен ажыратты.

Эң көп окулган жаңылыктар