07:51
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Өтмөк көпүрөлөрдөгү лифттер кампа жана даараткана катары пайдаланууда

Өлкөдө «Жеткиликтүү Кыргызстан» урааны астында жалпы республикалык мониторинг башталды. Бул тууралуу активист Аскар Турдугулов Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, акция мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн инфраструктуралык объектилердин, тротуарлардын жана коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн аныктоо максатында өткөрүлүп жатат.

Аскар Турдугуловдун белгилегендей, текшерилген объектилердин арасында Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты гана тийиштүү талаптарга жооп берет.

«Мадина» жана «Аламүдүн» базарларындагы өтмөк көпүрөлөрдөгү лифттер кейиштүү абалда. Аларды чаң басып, кампа жана даараткана катары пайдаланылууда», — деди ал.

Аскар Турдугулов мониторингдин жыйынтыгы тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп, чара көрүлөрүн белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар