15:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Кимдер жеке ассистент боло алат?

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары боюнча маалымат таратты.

Аталган жаңы социалдык кызмат өкмөттүн токтому менен 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди. Жеке ассистентке төлөнүүчү айлык акынын өлчөмү жашоо минимумунун өлчөмүнө байланган. Учурда бул сумма 4900 сомду түзөт.

Кимдер жеке ассистент боло алат?

Ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң атасы, чоң апасы, таятасы, таянеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси) же 65 жашка чейинки тиешелүү окутуудан өткөн башка адамдар. Жеке ассистент бир эле мезгилде бир үй-бүлөдөн бир нече ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы (эки жана андан ашык) баккан учурда ар бир бала үчүн кызмат көрсөтүүлөргө төлөөдөн 50 пайыз өлчөмүндө үстөк төлөнөт.

Жеке ассистент болуу үчүн кайсыл мекемеге кайрылуу зарыл?

Биринчи кезекте арыз ээси жашаган жери боюнча территориалдык Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясына кайрылуусу зарыл (эгерде МСЭКтин корутундусу болсо, анда кайрылуунун зарылчылыгы жок). Врачтар баланын ден соолугун текшерген соң, «багууга дайыма муктаж» же «бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж», — деп берилген корутундунун негизинде Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзүлөт.

Кандай документтерди чогултуу керек?

1) арыз ээсине:

— саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген психикалык оорусунун жоктугу жөнүндө медициналык маалымкаттын көчүрмөсү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баккан баланын ата-энесинен талап кылынбайт);

— арыз ээсинин факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;

— паспорттун көчүрмөсү (ID — карта);

— банктагы алыш-бериш эсеби.

2) балага:

— «багууга дайыма муктаж» же «бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж» экендигин тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү;

— баланы реабилитациялоонун жеке программасы (эгерде жок болсо талап кылынбайт) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын ата-энесинин макулдугу менен иштелип чыгат;

— ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын паспортунун

(ID — карта) же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

Эң көп окулган жаңылыктар