21:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Баткен-Фергана-Согди облустарынын биргелешкен форуму өтүүдө

Фергана шаарында Баткен-Фергана-Согди облустарынын биргелешкен форуму өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, «Чек ара аймактарын интеграциялоо -өнүгүүнүн кепилдиги» аталышындагы форум Баткен, Фергана жанаСогди облустарынын башчыларынын расмий жолугушуусу менен башталды.

"Инвестициялык байланыштарды чыңдоону максат кылган "Чек ара аймактарын интеграциялоо-өнүгүүнүн кепилдиги"аталышындагы форумдун салтанаттуу ачылышы болду. Анда облус башчылары сөз сүйлөп, ар бири, аймактын инвестициалык потенциалына кенири токтолуп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.Жетекчилер айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү,экспорттоо, өнөр жай,курулуш тармактары боюнча кызматташуу максаттарын билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума