USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Чүй облусунун тургуну үйүндө курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн

13:42, 29 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун тургунунан мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана ок-дарылар алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Д. аттуу жарандын үйүнөн Симонов системасындагы ок-дарылар (7,62 миллиметр) менен карабин, Калашников автоматынын (5,45 миллиметр) жана 9 миллиметр калибрдеги тапанчанын патрондору табылып, алынды. Ошондой эле атайын жабдыктар (рация, сигналдык тапанча), атайын жабдуулардын комплекттери (аскердик жүк түшүрүүчү жилет, бет кап, коргоочу каскалар), РГД-5 үлгүсүндөгү жасалма граната жана колго жасалган жардыргыч түзүлүштүн тетиктери табылды.

УКМК тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Табылган жана алынган материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика