Министрлер кабинетинин төрагасы тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү концепциясын бекитти. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ушул эле чечим менен тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча жол картасы бекитилди. Эскерте кетсек, буга чейин президент «2023-2027-жылдарды тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
2022-жылдын 14-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын бул демилгесин колдоого алган.
Министрлер кабинети белгилегендей, бул Кыргызстандын тоолуу мамлекеттер арасындагы алдыңкы ролун жана бул жаатта эл аралык аракеттерди бириктирүүгө болгон умтулуусун билдирет.
Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы тоолуу өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин адаптациялоо жана жумшартуу, жашыл экономиканы жана технологияны өнүктүрүү, өз ара кызматташууну чыңдоо үчүн финансылык механизмдерди түзүү, тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатында илим жана билимди өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоолуу аймактарда кырсыктардын алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттердин жыйындысын колдонушун камсыз кылууга багытталган.
Экинчи тоо саммити 2027-жылы Кыргызстанда өтөт.