USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Корея Ички иштер министрлигине кайтарымсыз түрдө электромобилдерди берет

10:04, 29 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Корея Кыргызстандын Ички иштер министрлигине кайтарымсыз түрдө электромобилдерди берет. Тиешелүү меморандумга укук коргоо мекемесинин башчысынын биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана Кореянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ кол коюшту.

Милициянын муктаждыктары үчүн транспорт 170 миң долларга сатылып алынат.

Адылбек Бийбосунов министрлик коопсуздук жаатында эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну активдүү өнүктүрүп, бекемдеп жатканын белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында ИИМ менен Кореянын Улуттук полиция агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика