Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Араван районунун мамлекеттик мекемелеринин жооптуу жана кызмат адамдарына карата жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
«2023-жылдын 22-ноябрында С.Юсупов айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ф.Ш.Х. кармалды. Мамлекеттик экспертизанын баалоосунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген жер тилкесинин баасы 11,8 миллион сом экени аныкталган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп кошумчалады мекеме.