Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Борис Сандын уулу Александр Сан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК маалымдагандай, Александр Сан уюшкан кылмыштуу топторду жана коомдоштуктарды каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелип жатат. Ага кылмышка шериктеш болгон деген айып тагылып, 2024-жылдын 4-январына чейин тергөө абагына киргизилди.
«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, алар Турсунтай Салимовго (ИТТИПАК уйгур диаспорасынын лидери, «Мадина» базарынын негиздөөчүсү) таандык болгон мурунку бала бакчанын (азыркы «Роял спорт» ден соолукту чыңдоо комплексинин) аймагына көп кабаттуу турак жай курууну пландап жатышкандыгы аныкталган. Курулушту баштоонун шарттарынын бири катары курулуш компаниясы кепилдик жана күрөө катары кымбат батирди бериши керек болгон. Андан кийин турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган. Бирок Ильшат Салимов 2020-жылдын январь айында Алксандр Сан жана Камчы Көлбаев менен сүйлөшүп, басым көрсөтүү жана күч колдонуу менен коркутуп курулуш компаниясына таандык болгон премиум-класстагы (баасы 300 миң доллар турган «Магнат» турак жай комплексинде аянты 300 квадрат метр болгон) кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийинчерээк бул батирди Камчы Көлбаев Чолпон-Ата шаарындагы имараты бар жер участогуна (Борис Санга таандык мурдагы «Зодиак» казиносу) соода борборун куруу максатында алмаштырып алган», — деп айтылат маалыматта.
Мекеме жогоруда көрсөтүлгөн батир Камчы Колбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга катышкан Александар Сандын атына катталганын белгиледи.
«Сандын үй-бүлөсү 59 кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жалпы баасы 80 миллион долларды түзгөн коммерциялык багыттагы мүлккө ээ экендиги боюнча маалымат алынган. Тактап айтканда, Бишкекте жалпы аянты 61 миң 918 чарчы метр болгон 50 миллион долларлык кыймылсыз мүлк, анын ичинде учурда курулушу жүрүп жаткан аянты 20 миң 800 чарчы метр мурдагы «Сан сити» комплекси бар. Ысык-Көл облусунда - кыймылсыз мүлк объектилери «Ак-Марал» эс алуу борборундагы Камчы Көлбаевдин коттедждеринин жанында жайгашкан коттедждер, алардын туруктуу байланыштарын көрсөтүп турат. Ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналарда жайгашкан баасы 15 миллион долларды, жалпы аянты 12,9 чарчы метрди түзгөн жер участоктору бар. Чүй облусунда — баасы 15 миллион долларлык, жалпы аянты 20,1 чарчы метр жер тилкелери. Сандын үй-бүлө мүчөлөрү курулуш, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси жана дүң жана чекене соода тармагындагы 11 ЖЧКнын тең түзүүчүлөрү болуп саналышат, ошондой эле Кыргызстандын чегинен тышкары жакта ишканалары бар экени аныкталган», — деп билдирди УКМК.
Учурда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.