Токтогул шаарынын мэри кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурганы, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардын мэри Т.Э.А. Токтогул районунун аймагындагы кварц кенин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп, рейдерлик жол менен басып алган.
«2022-жылы Т.Э.А. жогоруда аталган кен жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, кендин ээсине кварцты биргелешип иштетүүнү жана сатууну сунуштаган. Ээси баш тарткандан кийин Т.Э.А. белгисиз адамдарды тарткан, анын ичинде И.Б.А. аттуу Дөө Чынгыз каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунан Токтогул шаарынын «байкоочусу» болом деп тааныштырган жаран да болгон. Алар физикалык күч колдонуп, үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуп, аларга ишкананын 50 пайыз үлүшүн өткөрүп берүүгө мажбурлашып, Т.Э.А.нын уулунун атына каттатып коюшкан», — деп белгиледи мекеме.
Андан кийин кварцты мыйзамсыз казуу жана сатуу иштери жүргүзүлүп, андан түшкөн кирешени аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен биргеликте Токтогул шаарынын мэри алып турган.
«Ошону менен бирге өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу Э.у.А., ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.