04:10
USD 87.45
EUR 98.04
RUB 1.09

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси пара менен кармалды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголду.

Белгиленгендей, облус башчысынын кеңешчиси М.Т.А. (Талантбек Мамытов) А.П.Н. жана А.А.Н. аттуу жарандар менен материалдык пайда алуу максатында, «рейдерлик жол менен басып алды жана көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады» деген арыз менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А.га карата чара көрүү жөнүндө кайрылышканы аныкталган.

Кармалган шектүү А.П.Н. жана А.А.Н. менен сүйлөшүп, көмүр казган ишкананын ишмердигине кандайдыр бир тоскоолдук жаратам деп коркутуу менен директорунан акча каражатын опузалаганы такталды.

Учурда иштин жагдайларын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү жана ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар