11:31
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Башкы прокуратура Тенгиз Бөлтүрүккө салынган айыпка түшүндүрмө берди

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө соттун 800 миң сом айып салганы боюнча баш прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева түшүндүрмө берди.

Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында депутат Улукбек Ормонов Бөлтүрүктүн иши боюнча сот чечими коомчулукта талкууланып жатканын айтып, суроо узатты. Конкубаева Бөлтүрүккө 800 миң сом айып анын жасаган кылмышы үчүн жаза катары салынганын билдирди.
 

«Ага коюлган беренедеги эң жогорку жаза колдонулду. Алдын ала тергөө убагында 880 миллион зыян аныкталып, 862 миллион сому ордуна коюлган. Бул анын жасаган кылмышы үчүн жаза катары эсептелинет. Бул боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына бир аз туура эмес маалымат кетип калды», — деди Конкубаева.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 21-ноябрда Бөлтүрүктүн ишин карап, ага 800 миң сом айып салган жана банк эсептерин камактан чыгарууну чечим кылган. Сот чечимине ылайык, Тенгиз Бөлтүрүк Башкы прокуратуранын эсебине которгон 10 миллион сом «Кумтөр» ишканасына кайтарылат. Аны үй камагына алган бөгөт чарасы дагы жокко чыгарылган.

Башкы прокуратура былтыр «Кумтөр» ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 миллиард 146 миллион сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү, жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын ошол кездеги директору Рыспек Токтогуловду, ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановду кармаган.

Мекеме май айында 844 миллион 512 858 сом Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген. Бирок ким канча каражат төккөнү ачыкталган эмес.Бишкектин Октябрь райондук соту 30-апрелде прокуратуранын өтүнүчү менен Бөлтүрүктү үй камагына чыгарган.

Эсеп палатасы быйыл жыл башында «Кумтөр Голд» компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз короткону аныкталганын жарыялаган. Анда «Кумтөр Голд Компани» ишканасы «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингине 2022-жылдын алты айында 32 долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 миллион 908 миң доллар жумшаганы кабарланган.

Каражаттын 1 миллион 731 миң доллары кызматкерлердин айлыгына кеткени аныкталган (1 миллион 148 миң долларды чет өлкөлүк кызматкерлер алган). Мындан сырткары эң чоң чыгымдардын бири «Кумтөр Голд Компани» жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмеректерге кеткен. Кеңсе эмеректерин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн жалпы 179 миллион 700 миң сом коротулган.

Бөлтүрүк өзүнүн күнөөсүз экенин билдирип келген.

Эң көп окулган жаңылыктар