Бишкектин тургунун BMW X6 унаасын алмаштырууга убада берип, башкаларга сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга борбордун тургуну кайрылып, 2021-жылы ага бир жаран унаа алмаштырууну сунуштаганын билдирген. Ал 18 миң доллар турган BMW X6 үлгүсүндөгү машинени алып, жок болуп кеткен.
Аныкталгандай, ал кийин унааны башка адамдарга сатып жиберген. Айткан убадаларына ишенип, жабырлануучу дагы эки жыл күтүп, андан кийин гана укук коргоо органдарына кайрылган.
Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» менен кылмыш иши козголду.
Анын алкагында мурда бир нече жолу соттолгон С.В. аттуу жаран кармалды.
Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, BMW X6 машинеси унаа токтотуучу жайга коюлду.
Тергөө иштери жүрүп жатат.