15:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

600дөй адам мунапыс менен бошотулат. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Долбоордун демилгечиси депутат Жусупбек Коргонбай уулунун айтымында, эгер мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, президент аны жактырса, анда 600гө жакын адам мунапыс менен бошотулат.

«Бул биринчи жолу кылмыш жасагандар, майыптар, 65 жаштан ашкан адамдар жана жалгыз бой энелер. Алар жаңы жылды үй-бүлөсү менен тосо алышат», — деди ал.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева мыйзам долбоору балдарга карата зордук-зомбулукка байланышкан кылмыштарга жайылтылбай турганын белгиледи

Эң көп окулган жаңылыктар