Орусиянын Ички иштер министрлигинин соңку маалыматына караганда, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Россияда жашаган кыргыз жарандарынын саны 410 миңге жетти. Алардын 200 миңден ашыгы Москва шаарында жана облусунда жашайт. Бул тууралуу «СНГ. Сегодня» сайты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме менен кабарлады.
«Үстүбүздөгү жылдын январь — июнь айларында Кыргызстандын 467 миң 112 жараны каттоодон өткөн. Алардын ичинен 392 миң 528и жумушка орношуу максатында катталган», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүсү эки өлкө ортосундагы бир нече макулдашуулар жана келишимдер менен жөнгө салынат. Мисалы, республиканын жарандары бир катар жеңилдиктерди алышты. Алар патентсиз жарандык-укуктук келишим боюнча иштей алышат.
Кыргызстандыктардын көпчүлүгү дүң жана чекене соода, курулуш, тамак-аш, мейманкана кызматтары жана өндүрүлгөн товарларды кайра иштетүү тармактарында иштешет. Дагы 100 миңге жакыны Орусиянын шаарларында транспорт тармагында кызмат көрсөтөт.