08:35
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

800 миллион сомго бааланып жаткан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Муниципалдык чөйрөдөгү коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2001-жылдын 31-июлунда Ош шаарынын мэриясы тарабынан «Лима-Текс» ЖЧКсына (азыркы «Ак-Текс» ЖЧКсынын ээси) Привокзальная көчөсү, № 101а дареги боюнча жайгашкан 2,83 гектар жер убактылуу колдонууга берилген.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы. Жер тилкеси

«Ош облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы УКМКнын 2023-жылдын 15-ноябрындагы материалдарынын негизинде мэриянын апелляциялык даттануусун карап, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирди», — деп айтылат маалыматта.

Аталган жер тилкесинин баасы кылмыш жасалган учурунда 350 миллион сом болгон. Азыркы учурда базар баасы боюнча 800 миллион сомго жетиши мүмкүн экенин кошумчалады УКМК.

Эң көп окулган жаңылыктар