00:31
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Жалал-Абадда криминалдык кагылышуулардын уюштуруучулары кармалды

Жалал-Абадда жергиликтүү криминалдык кагылышуулардын уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме акыркы убакта Жалал-Абаддын ар кайсы райондорунун жана шаар четиндеги айылдардын жаштарынын арасында криминалдык кагылышуулар көбөйгөнүн белгиледи.

«Бул мушташтар көп учурларда коомдук жайларда, денелерине оор залал келтирилип, курал-жарак жана травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуу менен болуп жатат.

Алар өздөрүн кылмыштуу топтордун лидери катары көрсөтүп, кээ бирлери Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун кароочусу деп атап алышкан. Алардын ишмердигинде белгилүү бир иерархиядагы жана структурадагы уюшкан кылмыштуу топтун белгилери байкалып, катарына спорт менен машыккан жаштар тартылып турган», — деп айтылат маалыматта.

20-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 17-ноябрында мурда ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган З.у.Т. жана А.у.Н. кармалган.

«Алардын автоунааларын жана жашаган жерин тинтүү учурунда жашырып алып жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу куралдар, ок-дарылар, бет каптар, ошондой эле РПГ-5 гранатасы табылып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп белгиледи мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар