20:04
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстандын шаарларында жумушчу орундардын жарманкеси өтөт

Кыргызстандын жети шаарында жумушчу орундардын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясынан билдиришти.

Белгиленгендей, жарманкеде өлкөнүн алдыңкы 50 компаниясынан 10 миңден ашык бош орундар сунушталат. Жумуш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен маектешүүлөрдү өткөрүшөт. Мектеп окуучулары тесттен өтүп, кесип жана окуу багытын тандап алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Жарандарга ишке орношуу, кесиптик даярдоо жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилет. Ошондой эле мастер-класстарды өткөрүү пландаштырылууда.

Жарманкелер 22-ноябрда Ош, Каракол, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Нарын жана Таласта, ошондой эле 29-ноябрда Бишкекте өтөт.

Долбоор Эмгек министрлиги жана JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан билим берүү жана илим министрлиги жана мэриялар менен биргеликте «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун колдоосу аркылуу ишке ашырылууда.