15:30
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Сауд Арабияга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Сауд Арабияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров «Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши» аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышат.

Белгилей кетсек, тажик президентти Эмомали Рахмон дагы аталган саммитке катышат.