12:39
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгарган цехтер аныкталды

УКМК жана алкоголдук ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында өндүрүштүк масштабдагы алкоголдук продукцияны мыйзамсыз жасоо, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күмөндүү акциздик маркалары бар даяр алкоголдук продукциянын ири партиясы табылган:

  • 12 миң 159 алкоголдук продукция;
  • 4 миң 676 күмөндүү акциздик маркалар;
  • 474,5 литр спирт;
  • 7 миңден ашык энбелгилер;
  • 889 литр самогон;
  • 3 алкоголдук ичимдиктерди даярдоочу аппарат.

Учурда кылмыш иши үчүн маанилүү болгон иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар