Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономика жана коммерция министринин төрт орун басарын ээлеген кызматынан бошотту.
Назарбек Малаев, Чыңгыз Макешов, Кубанычбек Закенаев жана Канатбек Абдрахманов иштен алынды.
Чоро Сеитов, Айнура Үсөнбекова, Искендер Асылкулов өз ордунда калды.
Буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров министрдин сегиз орун басары эмне иш кыларын түшүнбөй жатканын айткан. Натыйжада, алардын саны эки эсеге кыскарды