20:32
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

NazarNews басылмасынын башкы редактору кармалды

NazarNews басылмасынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева кармалды. Ал жапырт башаламандыкка чакырууга айыпталууда. Бул тууралуу адвокат билдирди.

Маалыматка ылайык, ага нөөмөтчү адвокаттын катышуусунда айыбы угузулуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Азырынча мекемеден иштин чоо-жайын билдиришкен жок.

Эскерте кетсек, Гүлжан Шерипбаева кечээ социалдык тармактарда аны УКМКга суракка алып кетишкенин жазган. Эмне жөнүндө суралганы, иш кайсы материал же сөзгө байланыштуу экени белгисиз.

Белгилей кетсек, октябрь айында Маданият министрлиги эгер редакция министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген туура эмес маалыматты өчүрбөсө, NazarNews сайтын бөгөттөө тууралуу чечим кабыл алган. Мекеменин башчысынын орун басары Чынгыз Эсенгулов кол койгон катты алгандан кийин сайттан материал өчүрүлүп, бөгөт коюлган эмес.

Гүлжан Шерипбаева социалдык тармактардагы постторунда экс-бажы кызматкери Райымбек Матраимовду колдойт.

Эң көп окулган жаңылыктар