08:37
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Орусияда мигранттардын балдары орус тилинен тест тапшырышат

Орусиянын Агартуу министрлиги мигранттардын балдарын орус тил сыноосунан өткөрүп турат. Тесттин жыйынтыгы менен алар кошумча курстарга жиберилиши мүмкүн.

Бул тууралуу парламенттик угуу маалында министр Сергей Кравцов билдирди.

«Коммерсантъ» басылмасы жазгандай, буга чейин орус коомунда бул темада талкуулар жургөн. Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Валерий Фадеев мигранттардын балдарынын 50-70 пайызы орусча начар сүйлөшөт же такыр билишпейт деп айткан. Фадеев Москва жана Петербургда андай балдардын саны 20 пайызга жетерин кошумчалаган.

«Адилеттүү Орусия» партиясы чет элдик же орус тилин жакшы билбеген окуучулардын санын 10 пайызга чейин чектөөнү, ал эми айрым мектептерде тилди акча төлөп окутуу курстарын киргизүүнү сунуш кылды.

Орус тилин билүү деңгээлин аныктоодон тышкары министрликтин порталында «баланын социалдык-маданий нарк-насилин (адаптациясын) баалоо» тесттери жарыяланганын «Свобода» радиосу жазды. Жогорку класстагылар Орусиянын тарыхын жана маданиятын канчалык билет деген сыноодон өтүп турмакчы.

«Платформа» деген Социалдык долбоорлоо борборунун директору Алексей Фирсов «Коммерсант» менен болгон маегинде тарых боюнча суроолорду сындап, динге көп көңүл бурулганын айтты.

Эксперттер орус тилинин кошумча курстарын ким каржылайт деген суроо ачык калганын, мигранттардын чамасы ага жетпесин белгилешет.

Эң көп окулган жаңылыктар