07:57
USD 87.45
EUR 101.24
RUB 1.08

УКМК төрагасы жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону болгон кызматкерге сыйлык тапшырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону болгон мекеменин кызматкерине сыйлык тапшырды.

Камчыбек Ташиев мындай жеңиштер кыргыз эли үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи. Ал Таалайбек Жанаевге «Эрдик» төш белгисин тапшырып, ден соолук каалап, келечекте мындан да чоң ийгиликтерди багындырарына ишенимин билдирди.

Жиу-житсу боюнча дүйнөлүк чемпионат 2-10-ноябрда Абу-Дабиде (БАЭ) өткөн. Ага 127 өлкөдөн 7 миңге жакын спортчу катышкан. Таалайбек Жанаев 77 килограмм салмакта биринчи орунду алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
13-ноябрь, бейшемби
12-ноябрь, шаршемби