20:07
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Пробациялык департаментинин кызматкери пара алуу фактысы менен кармалды

Юстиция министрлигине караштуу пробациялык департаментинин Ноокат райондук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси опузалап пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

А.А. пробациялык көзөмөлдү узартуу менен коркутуп, С.уулу Б. аттуу жарандан 30 миң акча талап кылган.

13-ноябрында ал акчанын жарымын алып жаткан учурда кармалды.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүмүнүн (опузалап пара алуу) негзинде кылмыш иши козголду. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума