18:36
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны 4 миңден ашты

13-ноябрга карата Кыргызстанда кызмык менен ооругандардын саны 4 миң 98ге жетти. Бул жөнүндө 24.kg маалымат агенттигине Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, учурда каттоо жана эсепке алуу негизинен Жалал-Абад облусу (1 миңден ашык учур), Бишкек (1,2 миң), Ош облусу жана Ош шаары, Чүй облусу боюнча жүрүп жатат.

Негизинен бир жашка чейинки, эмделбеген, биринчи дозасын алууга үлгүргөн, бирок толук эмдөөдөн өтпөгөн бир жаштан төрт жашка чейинки балдар ооруп жатышат.

Гүлбара Ишенапысова паника үчүн эч кандай негиз жок экенин, акыркы жолу Жалал-Абадда өсүш жогору болуп, ал жакка төрт чыгуу уюштурулганын, кырдаал акырындап турукташып жатканын билдирди.

«Мындай абал биздин өлкөдө эле эмес, 13 миңден ашуун учур катталган Казакстанда, Россияда (8 миң), Түркияда (3 миң) да байкалууда. 2022-жылы Өзбекстан менен Тажикстанда дагы курч абал болгон. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен бул мамлекеттерге вакциналардын кошумча дозалары берилген. Кыргызстан вакцинаны 2023-жылы алды, биз өтүнмөнү убагында жибердик», — деди ал.

Ал жалпысынан 755 миң доза келгенин кошумчалады. 18-сентябрдан баштап тогуз айдан жети жашка чейинки балдарды кошумча эмдөө өнөктүгү жүрүп жатат. Азырынча 77 пайызы эмделди. Мындан тышкары, ооругандар менен байланыш түзгөн адамдар дагы эмделип жатат. Өнөктүк ноябрдын аягына чейин уланат.

«ГАВИ альянсына берилген башка өтүнмөгө ылайык эмдөөнү 2024-жылдын январында өткөрөбүз. Бул убакытка чейин өнөктүк натыйжа берет», — деди Гүлбара Ишенапысова.

Кызылчадан коргоону үчүн вакцинаны бир жана алты жаштарда алыш керек.

Эң көп окулган жаңылыктар