22:29
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка орноштурган ишканалар аныкталды

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка орноштурган үч ишкана аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, бир катар жеке жана юридикалык жактар тиешелүү уруксат кагазы жок Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз ишке орноштуруу кызматтарын көрсөтүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт маалымат каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында үч ишкана аныкталды. Алардын директорлору болгон 1996-жылы туулган С.Д. , 1986-жылы туулган М.З. жана А.Н. аттуу жарандар кармалып, мыйзам чегинде чечим чыгаруу үчүн райондук башкармалыктардын тергөө кызматтарына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума