Бүгүнкү күндө чет мамлекетттерде Кыргызстандын 700 миңге жакын жараны бар. Мындай маалыматты тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев «Мекендештер-2023» форумунда билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Россияда 408 миң 448, Казакстанда 63 миң 808, Түркияда 63 миң, АКШ менен Канадада 36 миң, Кореяда 10 миң кыргыз жарандары бар.