20:07
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Жыл башынан бери Кыргызстанга Орусияда соттолгон 60 жаран которулду

2023-жылдын январь — ноябрь айларында Кыргызстанга Россиядан жазаларын андан ары өтөө үчүн 60 жаран которулду, дагы 30 жаран которулуу этабында турат. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имагазиев «Мекендештер −2023» форумунда билдирди.

«Тилекке каршы, акыркы жылдары чет жакта жүргөн мекендештерибиздин арасында кылмыштуулук өсүп жатканы өкүндүрөт. Ал кылмыштардын көпчүлүгү наркотикалык заттарга байланыштуу болууда», — деди ал.

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Россияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1 миң 167 кыргыз жарандарынын ичинен 514 адам наркотикалык заттарды мыйзамсыз айлантуу, 157си жыныстык кол тийбестикти бузуу, 89у адам тоноочулук, 87си киши өлтүрүү, 85и ден соолукка атайылап оор залал келтирүү боюнча соттолгон. 

Ошондой эле, 2023-жылдын август айына карата майда административдик эрежелерди бузуп, кара тизмеге киргендердин саны 47 миң 989га жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума